Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Суталинов саламаттыгына байланыштуу мунапыска илиниши мүмкүн


Мурат Суталинов сотто. 14-декабрь, 2011-жыл.
Мурат Суталинов сотто. 14-декабрь, 2011-жыл.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады.

Анын айтымында, Мурат Суталинов учурда №47 абакта кармалууда. Анын өсмө (рак) оорусуна чалдыгып, анысы өтүшүп кеткени аныкталган. Буга байланыштуу Мурат Суталиновдун абалы парламент карап жаткан мунапыска туура келет. Бул боюнча Суталиновдун туугандары документтерди чогултуп, аракет кылып жатышат.

“Учурда парламентте каралып жаткан мунапыска ылайык "биринчи жана экинчи топтогу майыптар эркиндикке чыгарылсын" деп каралууда. Суталинов мына ушул топко туура келет. Анын абалын дарыгерлер туруктуу түрдө оор деп баалашкан”, - деди Сабатарова.

Буга чейин Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу “Мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамды сунуш кылган. Ага ылайык, абактардагы миңдей адамдын көбүнө боштондук берилип, жаза мөөнөттөрү кыскарышы мүмкүн.

Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу 20 жылга соттолгон. Ал Бишкектеги №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG