Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 01:02

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга 10 млн. доллар грант бөлөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга грант катары 10 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов билдирди. Алынган каражат гидрометорологиялык кызматтын ишин жана элдин азык-түлүгү менен тамактануусун жакшыртууга жумшалат. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн Баткен, Ош жана Нарын облустары тандалып алынган.

Рустамовдун айтымында сугат инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл жергесинде суу жээктерин бекемдөө жана дамба куруу аркылуу селден жана суу ташкындарынан сактоо иштерин жүргүзүүгө багытталган добоор ишке ашканы турат. Бул долбоорлордун алкагында 90 млн. доллар Кыргызстанга бөлүнөрү айтылды. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG