Армиянын жарыясына караганда, анын операциясынын алкагында “Хезболла” согушчан тобу Израилдин Ливан менен чек арасында, жер алдында колдонгон туннелдер бутага алынат.
Бул үчүн Израилдин түндүк чек арасындагы куралдуу күчтөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Бирок армия Ливандын чек арасына өтпөстөн, Израилдин аймагында гана аракеттенет.
Израил армиясынын өкүлү Жонатан Конрикус өз өлкөсүнүн операциясын “Хезболла” “одоно жана чектен чыккан” аракеттерге барып жатканы менен түшүндүрдү. Израил армиясы ошондой эле “Хезболланын” Ливан менен Израилдин чек арасындагы туннелдери тартылган видеотасмаларды да жарыялады.
Иран колдогон “Хезболла” - Ливандын саясатында маанилүү роль ойногон уюм, ошондой эле Сириядагы кагылышууга аралашкан аскердик да топ болуп эсептелет.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерреш быйыл майда Коопсуздук кеңешине атайын баяндама жөнөтүп, анда “Ливан өкмөтү көзөмөлдөбөгөн олуттуу жана татаал аскердик кубатка “Хезболла” ээ болуп жатканына" терең тынчсыздануусун билдирген.
БУУнун баш катчысы шииттердин бул кыймылын куралсызданууга, Ливандын өзүндөгү, Сириядагы жана башка жерлердеги аскердик аракеттерин токтотууга, Коопсуздук кеңешинин 2004-жылдагы резолюциясын сактоого да чакырган. (UE)