Бишкекте 10-декабрда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына байланыштуу конференция өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда акыйкатчы Токон Мамытов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирди.
Мамытов акыйкатчынын кызматында аткарып жаткан ишмердиги жөнүндө кыскача айтып берип, жарандардан келип түшкөн арыздардын 70 пайызы сот, тергөө жана прокуратура органдарынын канааттандырарлык эмес жумушуна байланыштуу экенин маалымдады. Ал “115 тез линиясынын” ишин жанданып, жарандар ар кандай маселелер боюнча кайрылып жатышканын кошумчалады.
Өз кезегинде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы адам укуктарын коргоонун маанисин белгилеп, алдыда болжолдонгон адам укуктары боюнча конференцияда каралчу маселелерди колдой турганын билдирди.
Ал сот, тергөө жана прокуратура органдарынын ишине байланыштуу Акыйкатчы институтуна түшкөн арыздар дагы бир жолу бул тармактагы токтоосуз реформанын зарыл экендигин айгинелеп турганын айтты.
Токон Мамытовду акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңеш 26-сентябрда шайлаган.
Буга чейин мурунку президент Алмазбек Атамбаев жана азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков акыйкатчыны бир да жолу кабыл албаганын сындагандар болгон. (КЕ)