Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:43

Президент Тажикстан менен Өзбекстанга элчилерди дайындады


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Жаныш Рустенбеков Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болду.

Буга чейин Ибрагим Жунусов менен Жаныш Рустенбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап, жактырган. Жунусов мындан мурда Кыргызстандын Түркиядагы, Рустенбеков Түркмөнстандагы элчиси болуп эмгектенип келген.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Искендер Орусбаев Кыргызстандын Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды.

Ушул эле күнү президент Кытайдагы жана Монголиядагы элчи Азамат Үсөновду кызматынан бошотту. (КЕ)

XS
SM
MD
LG