Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан машине кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 40 тоннага жакын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып бараткан автоунааны кармады. Аталган мекеме тараткан маалыматка караганда, суракка алынган адам күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) Токмок шаарынан жүктөгөнүн билдирген.

Берилген документтерде Мамлекеттик салык кызматынын Сокулук району боюнча башкармалыгынын кызматкери “Ч.Ч.” контролдук пломбаларды коюп, күйүүчү-майлоочу материалдарды өткөргөнү белгиленген. Бирок аталган кызматкер бул КММны ал өткөрбөгөнүн жана контролдук пломбаларды койбогонун айткан.

Коштомо документтерде жасалмалоонун белгилери бар болгондуктан, иштин жагдайын териштиргенге чейин унаа айып короого киргизилди. Мындан тышкары, азыркы убакта мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана юридикалык баа берүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG