Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:36

ЖККУнун декабрдагы саммити болбойт


ЖККУнун Астанадагы саммити. 8-ноябрь, 2018-жыл.
ЖККУнун Астанадагы саммити. 8-ноябрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу бүгүн Кремль жарыялады. Орусия президентинин кеңешчиси Юрий Ушаковдун 4-декабрдагы билдирүүсүнө караганда, мындай чечим 9-декабрда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүп жаткан Армениянын суранычына ылайык кабыл алынды. Ушаков белгилегендей, башында 6-декабрга белгиленген саммит эми кийинки жылы өткөрүлчүдөй. Ал эми Орусиянын өкүлү Валерий Семериков Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун баш катчысынын милдетин аткарууну уланта берет.

Армения - ЖККУнун учурдагы төрагасы.

ЖККУнун баш катчысынын кызматын быйыл 2-ноябрга чейин Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы башчысы Юрий Хачатуров ээлеп турган. Бирок анын ыйгарым укуктары Хачатуровго Арменияда 2008-жылдын 1-мартындагы окуяларга байланыштуу айып коюлганы үчүн расмий Еревандын талабы менен мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан. Анда кеминде он киши набыт болуп, жүздөгөн адам жабыркаган. Бирок андан бери он жыл убакыт өтсө да ошол он кишинин өлүмүнүн жагдайлары аныкталбай келатат.

Кандуу окуялар боюнча ачылган иштин алкагында мурдагы президент Роберт Кочарянга да "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган" деген айып тагылган. Экс-президент саясий куугунтукка кабылганын айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG