Парламент бүгүн, 5-декабрда «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесин карайт.
«Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев сунуш кылган мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилет. Буга чейин аны Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети талкуулаган. Бокоев мыйзамды кабыл алууда одоно катага жол берилип, бир катар ченемдер кирбей калганын айтууда.
Көптөгөн талаш-тартыш менен кабыл алынган "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү" мыйзамдын жаңы редакциясы быйыл июлдан тартып иштей баштаган.