Грозныйда кармалган “Тажикстан Ислам кайра жаралуу” партиясынын Согди облусу боюнча мурдагы башчысы Наимжон Самиев Москвадан Дүйшөмбү шаарына 4-декабрда экстрадицияланганын "Нuman Rights Vision Foundation" уюму билдирди. Тажик бийлиги бул маалыматты төгүндөп же тастыктай элек.
Самиевдин туугандары анын дайынын билбей жатканын айтып чыгышты.
Наимжон Самиев 2008-2012-жылдары “Ислам кайра жаралуу” партиясынын Согдидеги бөлүмүн жетектеген. Исфарадагы маалымат булактары "Азаттыктын" тажик кызматына ага издөө жарыяланбаганын жана "террорчулукка катышы бар" деген кишилердин тизмесинде жок экенин билдиришти. Бирок Самиевдин уулу атасынын кармалышында саясий өңүт бар деп эсептейт.
2015-жылы 29-сентябрда Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен “Ислам кайра жаралуу” партиясы "террористтик уюм" деп табылган. Партиянын жетекчилиги генерал-майор Абдухалим Назарзода уюштурган куралдуу козголоңго тиешеси бар деп айыпталган. 2016-жылы диний партиянын 14 мүчөсү узак мөөнөткө соттолгон, алардын экөө өмүр бою эркинен ажыратылган.