Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Соцфонд: Кийинки жылы пенсия көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт 2019-жылдын октябрь айында пенсияны көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу 5-декабрда парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнара Жуматаева билдирди. Анын айтымында, 2019-жылы пенсияны көбөйтүүгө 660 млн. сомго жакын каражат бөлүү каралган. Ал сумманы дагы көбөйтүү пландалууда.

Депутаттар айлыктын бир бөлүгүн көмүскө алган учурларды ачыкка чыгарууну сунуш кылышты. Социалдык фонд бул багытта жумушчу топ иштеп жатканын маалымдады.

Ушул жылдын 1-октябрынан тартып орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5 682 сомду түзгөн. Ошол эле учурда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% жогорулаган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сом. Жалпысынан 648 миң пенсионер болсо, миң сомго жетпеген пенсия алгандар да бар. Алар 1-2 жыл эмгек стажы бар жарандар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG