Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

БУУнун өкүлчүлүгүнүн алдында Кытайдагы кыргыздарды колдогон акция өтүүдө


Акция учурунда тартылган сүрөт.
Акция учурунда тартылган сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өтүүдө. Акцияга катышып жаткан жыйырмага жакын киши Кытайдагы кыргыз, казак, уйгур улуттарынын айрым өкүлдөрүнө адилетсиз кысым болуп жатканын айтып, БУУ баштаган эл аралык коомчулукту көңүл бурууга чакырды.

Алар БУУнун баш катчысы Антониу Гуттеришке кайрылып, Кытайдагы бир катар улуттарга байланыштуу жагдайды БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында кароону сунуш кылышты.

Ошондой эле акциянын катышуучулары Кытайдын жетекчилигинен бул өлкөдө жашаган кыргыз, казак, уйгур сыяктуу улуттардын өкүлдөрүнө карата кысымды токтотууну талап кылып, эл аралык коомчулукту бул аракеттерге саясий баа берүүгө үндөп жатышат.

Учурда акция уланууда. Акцияга чыккандардын ичинен беш адамды БУУнун Кыргызстандагы миссиясынын өкүлдөрү кабыл алары кабарланды.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды "түрмө" деп атаса, Кытайдын өкүлдөрү жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе "борборлор" катары сыпаттап келет.

Өткөн апталарда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети түзүлүп, 29-ноябрда коңшу өлкөдөгү кыргыздардын көйгөйүн бийликке, коомчулукка жеткирүү максатында жыйын өткөргөн. Буга чейин кайрылмандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жардам берүүнү өтүнүшкөн. Бийлик алардын кайрылуусуна жооп кайтара элек. Тышкы иштер министрлиги кытайлык кыргыздар тууралуу маалыматтарды тактап жатканын кабарлоо менен чектелип жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG