Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Жер иштетүү институту Айыл чарба министрлигине өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жер иштетүү боюнча кыргыз илим-изилдөө институту Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин карамагына өттү. Буга байланыштуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу 5-декабрдагы парламент жыйынында министр Нурбек Мурашев “Үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланып жатканда билдирди:

- Институттун миң гектардан ашуун жери бар экен. Базасы да талкаланып кеткен, ошолорду тургузуп, башка институттарды тартып, азыркы үрөн чарбаларынын локомотиви кылалы деп жатабыз.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 109 үрөн чарбасы бар. Алар жалпысынан 31 519 гектар аянтка ээлик кылат.

Министр мыйзам кабыл алынса дыйкандар буудайдын үрөнүн 30% арзан алышарын, үрөн чарбаларынын базасы оңдолорун кошумчалады.

Депутат Кенжебек Бокоев бүтүндөй Талас облусу өстүрүп келаткан төө буурчак дотацияга кирбей калганына нааразы болду. Эл өкүлү Улукбек Ормонов өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө үрөн чарбаларынын биринде да үрөн өндүрүлбөй турганын сынга алды.

Кыргызстанда бир жылда 58 миң тонна буудай, 30 миң тонна арпа үрөнү керектелет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG