Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Бишкекти жаңы жылга кооздоонун чыгымы 4 млн. сомго азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарын жаңы 2019-жылга карата жасалгалоо жана кооздоо иштерине коротулчу сумма 7 миллондон 4 млн. сомго азайды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетова билдирди:

- Былтыр бир топ нерсе сатып алыныптыр. Мэр өзү отуруп алып, тизме менен текшерди. "Эмнеге кымбат компания менен иштейсиңер? Бир бактын акчасына эки бак кылгыла, бир лампанын акчасына экини илгиле" деп катуу айтты. Ошонун эсебинен чыгым дароо азайды. Ошондо баш-аягы жасалгалоону 4 млн. сомдун айланасында жасайбыз.

Мындан мурдарак мэриянын пландык жыйынында жаңы жылга карата шаарды жасалгалоого 6 млн. 800 миң сом сарпталары айтылган.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарын 2017-жаңы жылга карата жасалгалоо жана кооздоо иштеринен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин аныктаган.

Анда 2016-жылы ноябрда “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери жаңы жылда аянтты жана калааны жасалгалоо үчүн мыйзам бузуу аркылуу “GrandPRO” аттуу фирма менен 16 млн. 250 миң сомго келишим түзгөнү айтылган.

Бирок “GrandPRO” фирмасынын бажы декларациясын текшерген учурда алардын реалдуу баасы болгону 7 млн. 427 миң 900 сомду эле түзгөнү такталган жана 5 млн. 830 миң 600 сом ашыкча коюлган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG