Украинанын президенти Петро Порошенконун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу форумунда айтканына караганда, украин чиркөөсүнүн жаңы курамын бекитүү боюнча жыйын 15-декабрда өтөт.
- Жыйын 2018-жылдын 15-декабрында кылымдар бою украин православ диний турмушунун борбору болгон Киевдин София соборунда өтөт, - деди Петро Порошенко. Анда украин чиркөөсү өз диний көсөмүн шайлайт.
Буга чейин Украинанын президенти Петро Порошенко жана Жогорку Рада Константинополь патриархына бирдиктүү украин православ чиркөөсүн түзүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган. Өткөн жумада Константинополь патриархы аны канааттандырган. Украин православ чиркөөсүн бирдиктүү курамы 15-декабрдагы жыйынга чейин ачыкка чыгарылбайт.
Украинанын аймагында бир нече православ диний уюмдар иш алып барат. Алардын ичинен эң ирилери Москва патриархатына караштуу Украин православ чиркөөсү, Киев патриархына караштуу Украин православ чиркөөсү. Мындан тышкары, Украин автокефалдык чиркөөсү да иштейт. Орусия Москва патриархатына караштуу Украин православ чиркөөсүн гана тааныйт, ал эми берки эки диний жамаатты "бөлүп-жаруучу" деп санайт. Украинанын Москвадан көз каранды болбогон өз алдынча чиркөө түзүү демилгесине Орус православ чиркөөсү каршы болуп келет.
Президент Порошенко Украина православ чиркөөсүнүн Орус православ чиркөөсүнөн ажырашы "армияны чыңдоо, тилди коргоо" сыяктуу эле эгемендиктин бир бөлүгү экенин айткан. Ал Москвадагы орус правослов чиркөөсү “Путиндин гибриддик согушуна бата берип" келет деп сындаган.