Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Азербайжандан кармалганын “Азаттыкка” ырастады. Финполициянын басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, азыр Жунусовду Кыргызстанга алып келүү боюнча иш жүрүп жатат.
- Азыр Жунусов Азербайжан Республикасында. Учурда аны Кыргызстанга алып келиш үчүн Финполициянын кызматкерлер тобу жөнөп жатат, - деди ал.
Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов кармалганын алгач Азербайжандын “Новая эпоха” маалымат агенттиги жазып чыккан. Андагы маалыматка караганда, Жунусов Баку шаарында Гейдар Алиев атындагы аэропорттон колго түшкөн.
Башкы прокуратура июль айында Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.
Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда.
Финансы полициясынын маалыматына ылайык мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.
Финансы полициясы Адамкул Жунусовго август айынын соңунда издөө жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. (КЕ)