Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

Түркия журналисттин өлүмү боюнча эки саудиялыкты камакка алууга ордер берди


Саудиялык журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда документ иштери боюнча Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна келгенде өлтүрүлгөнү ырасталган.
Саудиялык журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда документ иштери боюнча Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна келгенде өлтүрүлгөнү ырасталган.

Түркиянын соту "журналист Жамал Хашогжини (Хашогги) өлтүрүүгө тиешеси бар" деген негизде Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасынын мурдагы эки жардамчысын камакка алууга ордер берди. Ханзаада Мухаммед ибн Салмандын мурдагы кеңешчиси Сауд Ал-Кантани менен башкы чалгынчынын мурдагы орун басары Ахмед ал-Ассирини камакка алуу тууралуу прокурорлордун өтүнүчү канааттандырылганын Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Прокурорлор шейшемби күнү сотко жөнөткөн документтерде "Саудиянын бул эки жараны журналист Хашогжинин көзүн тазалоо операциясын пландоого аралашкан" деген жүйө келтирилген.

Саудиялык журналист Жамал Хашогжи 2-октябрда документ иштери боюнча Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугуна келгенде өлтүрүлгөнү ырасталган. Ал 2017-жылдан бери АКШда жашап, өзгөчө Саудиянын мураскер ханзаадасын сындап келген.

Түрк бийлиги журналисттин өлүмүнө падышалык үй-бүлөнүн тиешеси бар экенин кыйытып келет. Расмий Эр-Рияд Хашогжини өзүм билемдикке жол берген адамдар өлтүрүп алганын, алар жоопко тартыларын билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG