Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:32

“Манас” аэропортунун жетекчиси болуп Нурлан Акматов дайындалды


Нурлан Акматов.

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болуп Нурлан Акматов дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 5-декабрда “Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин жыйыны болуп, анын жүрүшүндө Нурлан Акматовду башкармалыктын төрагасы кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алынган.

Нурлан Акматов кесиби боюнча экономист жана юрист. Ал буга чейин “Газпром Нефть Азия” ишканасынын директорунун бизнести өнүктүрүү боюнча орун басары болуп иштеп келген.

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын буга чейинки төрагасы Эмил Чукуев эки күн мурун өз арызы менен иштен кеткен. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (43)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG