Жогорку Кеӊеште эки мыйзамды бири-бирине шайкеш келтирүүгө багытталган “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, тармактык комитетке экинчи окуунун режиминде кайтарылып берилди.
Депутат Кенжебек Бокоевдин айтымында, мыйзам долбоору 2018-жылдын 30-мартында кабыл алынган “Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
- Мыйзамды кабыл алууда одоно катага жол берилген, мыйзамдар техникасы сакталган эмес. Мыйзамдын 1-беренесинин укуктук жобосунда пенсия үй-бүлөнүн жыйынды кирешесине киргизилген. Иштеп жаткан мыйзамда үй-бүлөнүн жалпы кирешеси пенсияны эсепке албастан аныкталары жөнүндө ченем камтылбай калган. Бул өкмөттүн шалаакылыгы болуп саналат. Көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ар айлык жөлөкпул өтө маанилүү.
Мындан сырткары, мыйзам өткөн дата менен жазылып калган.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров буга чейин жөлөкпулдар жергиликтүү бийлик түзгөн комиссиялардын чечими менен чегерилип келгенин, ушул жылдын 1-июлунан тартып мындай ыйгарым укук толугу менен министрликтин өзүнө өткөнүн айтты.
Бир катар депутаттар мыйзамда ката кетирген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо зарыл экенин белгилешти. Өкмөткө мыйзамда кетирилген катанын чоо-жайын тез арада иликтеп чыгып, парламентке анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүү боюнча протоколдук тапшырма берилди.
Көптөгөн талаш-тартыш менен кабыл алынган "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү" мыйзамдын жаңы редакциясы быйыл июлдан тартып иштей баштаган. (КЕ)