Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Армения шайлоого байланыштуу ЖККУнун саммитин жылдырууну суранган эмес


ЖККУ мамлекеттеринин лидерлери Астанада. 8-ноябрь, 2018-жыл.
ЖККУ мамлекеттеринин лидерлери Астанада. 8-ноябрь, 2018-жыл.

Армения Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) 6-декабрга белгиленген саммитин шайлоого байланыштуу башка мөөнөткө жылдырууну суранган эмес. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашиняндын өкүлү Арман Егоян билдирди.

4-декабрда Орусиянын президентинин кеңешчиси Юрий Ушаков саммитти жылдыруу тууралуу чечим 9-декабрда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүп жаткан Армениянын суранычына ылайык кабыл алынганын кабарлаган. Ал 6-декабрга белгиленген саммит эми кийинки жылы өткөрүлчүдөй болуп жатканын, ал эми Орусиянын өкүлү Валерий Семериков ЖККУнун баш катчысынын милдетин аткара берерин билдирген.

Ал эми Ереван саммиттин өз мөөнөтүндө өтпөй калышын анын жаңы баш катчысын шайлоо боюнча орток пикир табылбай жатканы менен түшүндүрүүдө. Премьер-министр Никол Пашиян да 2-декабрда ушундай пикирин билдирген.

ЖККУнун баш катчысынын кызматын быйыл 2-ноябрга чейин Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы башчысы Юрий Хачатуров ээлеп турган. Бирок анын ыйгарым укуктары расмий Еревандын талабы менен мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Анткени Хачатуровго Арменияда 2008-жылдын 1-мартындагы, демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан кандуу окуяларга байланыштуу айып коюлган.

9-декабрда Арменияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөнү жатат.

XS
SM
MD
LG