Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Швецияда Йемендеги согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү башталат


Ходейда порту. 5-август, 2018-жыл.
Ходейда порту. 5-август, 2018-жыл.

Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстрем Стокгольмго Йемендеги согушка тиешеси бар тараптар келе баштаганын кабарлады. Ал “Твиттерге” "Йемендеги жаңжалды талкуулаш үчүн БУУнун, Швециянын, Кувейттин өкүлдөрү, ошондой эле куралдуу хусит тобунун делегациясы келди” деп жазды. Министр ошондой эле Йемен өкмөтүнүн адамдары да келе турганын кошумчалады.

БУУнун Йемен боюнча атайын өкүлү Мартин Гриффитс Иран колдогон хуситтер менен Сауд Арабиясы кубаттаган Йемендин президенти Абду Рабу Мансур Хадинин ортосунда диалог жүргүзүүгө аракеттенип келе жатат.

2015-жылдан бери Йеменде кеминде 10 миңден ашуун киши кырылды. Өлкө азыр гуманитардык каатчылыкты баштан кечирүүдө.

Жергиликтүү шийит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы жана Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турушат. Сауд Арабиясы баштаган аскердик коалиция үч жылдан бери эл аралык коомчулук тааныган өлкө лидери Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтириш үчүн бул жаңжалга аралашып, абадан сокку уруп келет.

XS
SM
MD
LG