Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Путин: Ракеталык келишимди бузууга каршыбыз


Владимир Путин. Москва, 5-декабрь, 2018-жыл
Владимир Путин. Москва, 5-декабрь, 2018-жыл

Орус президенти Владимир Путин АКШ 1987-жылы түзүлгөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашуудан чыкса, Москва тиешелүү чараларды көрө турганын эскертти.

- Биз бул келишимди бузууга каршыбыз. Бирок андай боло турган болсо, тиешелүү аракеттерди көрөбүз, - деди Орусиянын президенти 5-декабрда Москвада сүйлөгөн сөзүндө.

Ал Вашингтон Орусияны келишимдин шарттарын бузду деп айыптаганы менен, далилдерди көрсөтө албай жатканын кошумчалады.

Бир күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Брюсселде эгер Москва келишимдин шарттарын бузган ракеталарын 60 күндүн ичинде жок кылбаса, анда Вашингтон андан чыга турганын кабарлаган.

- Белгилей кетейин, Орусиянын келишимди бузушу бир түндө эле болгон жок. Ал канаттуу ракеталарды (SSE8) 2000-жылдардын ортосунан бери сынап келе жатат. Ушул фактыларды эске алуу менен Кошмо Штаттар бүгүн Орусия келишимди олуттуу бузду деп тапканын жарыялайт. Эгер Орусия келишим шарттарынын толук жана текшерилгидей аткарылышына алтымыш күн ичинде кайтып келбесе, Кошмо Штаттар да укуктук коргонуу каражаты катары өз милдеттенмелерин токтотот, - деген 4-декабрда Брюсселде НАТО мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

Германия АКШнын ракеталык келишимден чыгуу мөөнөтүн артка жылдырганын кубаттады.

Берлиндин маалымдашынча, Орусия менен АКШнын ортосундагы Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишим Европадагы коопсуздукту камсыздоодо чоң мааниге ээ.

Вашингтон андан чыга турганын биринчи ирет октябрь айында билдирген.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтон эгер Москва макулдашуунун талаптарын сактабаса, Кошмо Штаттар андан чыга турганын расмий кабарлап кат жибергенин ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Мария Захарованын 5-декабрда айтканына караганда, маалыматта Орусия келишимдин шарттарын бузуп жатканы айтылып, бирок далилдер көрсөтүлгөн эмес.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. АКШ “Кансыз согуш” доорунан калган келишимден чыгарын биринчи жолу ноябрь айында жарыялаган.

XS
SM
MD
LG