Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:24

Израилде отуз миңден ашуун адам зомбулукка каршы акцияга чыкты


Израилдин күч органдарында иштеген аял.

Израилде 30 миңден ашуун адам нааразылык акциясына чыгып, аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршылык билдиришти.

5-декабрдагы акция бойго жете элек эки кыздын өлүмүнөн кийинки нааразылык акцияларынын уландысы экенин жергиликтүү басылмалар жазышты.

Демонстранттар зомбулукка каршы программага көбүрөөк каражат бөлүүнү бийликтен талап кылып жатышат. Катышуучулардын арасында феминисттик кыймылдын мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, музыканттар жана өлтүрүлгөн кыздардын туугандары бар.

Акция Тел-Авивде жана башка шаарларда болду. Айрымдары Бен-Гурион аэропортуна барчу жолду бир сааттай бууп, айрым авиакаттамдар убактылуу токтоп турду.

26-ноябрда Жиш айылынын тургуну 16 жаштагы Аюб Яарынын денеси табылып, кылмышка шектүү катары 17 жаштагы жигит кармалган. Ошол эле күнү Тел-Авивде 13 жаштагы Сильвани Цагаи аттуу кыз өлтүрүлгөн. Аны өлтүргөн адам изделип жатат.

XS
SM
MD
LG