Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Экстремизмдин алдын алуу боюнча эл аралык форум башталат


Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.
Сириядагы согушка катышып жүргөн борборазиялыктар.

Бишкектеги "Орион" мейманканасында бүгүн, 6-декабрда экстремизмдин алдын алуу боюнча эл аралык форум башталат.

«Экстремизмдин алдын алуу жана медианын ролу» деп аталган форум Европа Биримдиги каржылаган «Борбор Азиядагы тынчтыкты колдоо» долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.

Долбоорду "Интерньюс" уюму Ички иштер министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен чогуу ишке ашырууда.

Форум 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү эксперттер экстремизмге бөгөт коюу, диний экстремизмдин курмандыктарын реабилитациялоо, бул терс көрүнүштүн Интернет аркылуу жайылышынын алдын алуу маселесин талкуулашат. (NT)

XS
SM
MD
LG