Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:57

Кытайда камалгандардын ичинде депутат Адыл Жунустун иниси болгону кабарланды


Адыл Жунус уулу. Сүрөт Жогорку Кеңештин расмий сайтынан алынды.
Адыл Жунус уулу. Сүрөт Жогорку Кеңештин расмий сайтынан алынды.

Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районунда камакка алынганы айтылган кыргыз улутундагы интеллигенция өкүлдөрүнүн арасындагы тарыхчы Аскар Жунус Жогорку Кеңеш депутаты Адыл Жунус уулунун иниси экени айтылууда.

Мындай маалыматты «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети» ырастады. Буга чейин «Эркин Азия радиосу» Кыргызстан парламентинин депутаты Адыл Жунус уулунун бир тууганы, Кытайдын жараны Аскар Жунус Шинжаңда октябрдын аягында камакка алынганын билдирген.

Бул тууралуу Eurasia.net басылмасы да жазып чыккан. Депутаттын өзүнөн комментарий алууга мүмкүн боло элек. 55 жаштагы Адыл Жунус уулу Кытайдын Шинжаң районундагы Кулжа шаарында төрөлүп, Кыргызстанга 1991-жылы келген. 2015-жылы "Республика - Ата Журт" фракциясынан парламентке депутат болгон. Анын иниси катары сөз болуп жаткан Аскар Жунус 49 жашта. Ал Шинжаңдагы Социалдык илимдер академиясында иштеп келгени кабарланды.

Адыл Жунус уулу Кытайдагы кыргыздардын абалы тууралуу үн ката элек.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан бери чыга баштаган. Куугунтукка кабылып жаткандар андай жайларды "түрмө" деп атаса, Кытайдын өкүлдөрү жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе "борборлор" катары сыпаттап келет. Буга чейин БУУ мындай лагерлерде бир миллионго чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин жарыялаган.

Акыркы айларда кармалган кыргыздар тууралуу маалыматтар да көп чыгып жатат. "Кытайдагы кыргыздарды колдоо" комитетинин жана Казакстандагы кайрылмандар менен иштеген "Ата журттун ыктыярдуу жаштары" уюмунун маалыматына караганда, Шинжаңда расмий Бээжин "саясий тарбиялоочу лагерь" деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. (NT)

XS
SM
MD
LG