Италиянын Милан шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлери жолугушат. 6-7-декабрдагы иш-чарага Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков да катышат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жыйында уюмдун алкагындагы кызматташтык талкууланып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот.
Министр Италияда окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушмакчы.
10-декабрда Брюсселде Кыргызстан-Евробиримдик кызматташтыгы боюнча кеңештин он алтынчы жыйыны да Айдарбековдун катышуусунда өтөт. (NT)