Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Терек-Сайда волейбол боюнча мелдеш өттү


Митинг учурунда тартылган сүрөт.
Митинг учурунда тартылган сүрөт.

Чаткал районунун Терек-Сай айылында волейбол боюнча “Ынтымак, достук, биримдик” аттуу мелдеш болду. Мелдеш жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары менен бирге уюштурулду. Анда Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев, Жалал-Абад милициясынын башчысы Кылычбек Жолдошов сөз сүйлөп, элди биримдикке, ынтымакка чакырды.

Байге фонду 20000 сомду түзүп, жалпы 5 команда катышты. 1-орунду ИИМдин атайын багыттагы полку, 2-орунду "Терек-Сай 1", 3-орунду "Терек-Сай 2", 4-орунду "Кызыл-Токой" командалары ээледи.

Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган.

4-декабарда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

3-декабрда Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылышкан.

Аймактагы чырдан улам 5-декабрда “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтоткон.

Жалал-Абад милициясынын билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күндө Чаткал районунун Терек-Сай аймагында коомдук саясий абал тынч. (КЕ)

XS
SM
MD
LG