Бишкекте Тубаса жүрөк кемтиги боюнча кыргыз-кытай изилдөө борбору ачылды. Борбордун ачылышы “Инвазивдүү кардиологиянын актуалдуу маселелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында 6-декабрда өттү. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борбору менен Хейбеск медициналык университетинин ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул дартты алдын-ала аныктоого көмөк көрсөтөрү айтылды.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар көбөйүп баратат. Ошондой эле бул дарттан чарчап калган балдар жана майып болуп калгандар 20 пайызга чейин көбөйгөнү буга чейин айтылган. (КЕ)