Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жер титирөө Ак-Талаа районунун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 баллга жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Баштапкы маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (BkA)