Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

Финансы министри Адылбек Касымалиев кызматтан кетти

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Финансы министри Адылбек Касымалиев кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Касымалиевди кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Анда министрдин кызматын тапшыруу тууралуу өтүнүчү кабыл алынганы айтылат.

58 жаштагы Адылбек Касымалиев 2015-жылдан бери финансы министрлик кызматты ээлеп келген.

Айрым булактардын маалыматы боюнча, министрлик кызматка президенттин кеңешчиси Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги каралууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG