Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:11

Жаңы жылдан тартып балдарга кошумча барак берүү токтойт


Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын 1-январынан баштап 16 жашка чыга элек балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө толуктоо катары бала Кыргызстандын жараны экендигин тастыктоочу кошумча барак (вкладыш) берүү токтолот. Анын ордуна балага жалпы жарандык паспорт бериле баштайт.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирүү таратты. Анда элчилик 2019-жылга чейин аталган кошумча баракты айрым тийиштүү кырдаалдарда гана берүү тууралуу тапшырма менен иштей тургандыгы белгиленген. Ага ылайык мамлекеттик чек арадан өтүүдө балдарга жалпы жарандык паспорт (чет өлкөгө чыгуучу) алуу ишин алдын-ала баштоо тууралуу сунуш айтылган.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы балдарга жалпы жарандык паспорт берүүнүн жолдору жеңилдей турганын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG