Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Орусиянын Конституциялык соту чечен-ингуш чек ара келишимин мыйзамдуу деп тапты


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров чек ара келишимине кол койгон учур. Магас, 26-сентябрь, 2018-жыл.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров чек ара келишимине кол койгон учур. Магас, 26-сентябрь, 2018-жыл.

Орусиянын Конституциялык соту Чеченстан менен Ингушетиянын ортосундагы чек араны өзгөртүү жана жер айырбаштоо тууралуу келишимди мыйзамдуу деп тапты.

Соттун 6-декабрдагы чечимине ылайык, Чеченстан менен чек араны аныкташ үчүн Ингушетияда референдум өткөрүүгө зарылчылык жок жана бул маселеде Орусиянын Федерация кеңешинин да макулдугу зарыл эмес.

Орусиянын курамына кирген эки республиканын жетекчилери сентябрь айында кол койгон келишим ингушетиялыктардын кескин нааразылыгын жаратып, бир нече жумага созулган митингдерге себеп болгон. Акцияга чыккандар келишимдин негизинде Ингушетияга таандык ири аймак Чеченстанга өтүп кетерин айтышкан.

Орусиянын Конституциялык сотунун чечиминен кийин чечен лидери Рамзан Кадыров Ингушетия менен чек арага коюлган блокпосттордун баарын алып салууну буюрду жана чек ара аймактарын өнүктүрүүгө чакырды. Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров да соттун чечимин кубаттады.

Ингушетия менен Чеченстан Совет доорунда бирдиктүү админстративдик аймак болчу. Советтер Союзу ыдырагандан кийин бул аймакта Орусиянын курамындагы эки башка республика түзүлгөн. (KKS/UE)

XS
SM
MD
LG