Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Жер казынасын иштетүү комитетинин төрага орун басарын кызматтан бошотуу сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаттары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча комитеттин төрага орун басары Азизбек Ороковдун кызмат абалына ылайыктуулугун кароону өкмөткө сунуштайт. Бул тууралуу Терек-Сай кениндеги акыркы кырдаалды талкуулап жаткан парламент жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын суроолоруна мамлекеттик комитеттин төрага орун басары толук кандуу жооп бере алган эмес. Буга байланыштуу вице-спикер Бакиров парламенттин тийиштүү комитетине Ороковдун кызмат абалына ылайыктуулугун кароо сунушун киргизүү тапшырмасын берди.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттар Терек-Сайдагы жаңжалга тиешелүү органдардын кырдаалдын алдын алуу боюнча жетиштүү аракет көрбөгөнү себеп болгонун белгилешти.

Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 15 тургуну “милиция кызматкерине кол көтөрдү” деген айып менен камакка алынган. Кармалгандар өткөн айда алтын кенин иштеткен аймакта милициянын “Шумкар” атайын багытындагы кызматкерлерине кол көтөрүп, денесине залал келтиргени кабарланган. 4-декабрда Жалал-Абад облустук соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, алтоону эки айга, тогузун бир айга камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Мындан соң Терек-Сай айылынын тургундары айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылышкан.

5-декабрда болсо “Эти Бакыр Терексай” алтын ишканасы убактылуу өз ишин токтоткону кабарланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG