Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

“Ачык асман” мыйзамы кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеӊештин депутаттары Кыргызстандын Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. Мыйзамды КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев баштаган топ өкмөт менен чогуу иштеп чыккан.

Анда “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруу сунуш кылынган. Ага ылайык, бардык чет элдик авиакомпанияларга эч кандай чектөөсүз Кыргызстандын аэропортторуна учуп келип-кетишине, жүргүнчү жана жүк ташып келип, кайра үчүнчү мамлекеттерге ташууга жол ачылат.

“Ачык асман” долбоору тууралуу маселе Кыргызстанда 2003-жылдан бери байма-бай көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келе жаткан. Жергиликтүү авиакомпаниялар "ал долбоор ишке кирсе банкрот болобуз" деп кооптонуп келишкен.

Кыргызстандык авиакомпаниялар 2006-жылдан бери Евробиримдиктин “кара тизмесинде». (BkA)

XS
SM
MD
LG