Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Волкер: Орусиянын кемелери үчүн Европанын порттору жабылышы мүмкүн


АКШнын Украина боюнча өкүлү Курт Волкер.
АКШнын Украина боюнча өкүлү Курт Волкер.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Украина боюнча атайын чабарманы Курт Волкер “Америка добушу” радиосу менен болгон маегинде билдирди.

Волкердин айтымында, АКШ жана анын Батыштагы өнөктөштөрү Орусия Азов деңизинин жалпы сууларын “бир тараптуу көзөмөлдөшүнө” жол бербегидей бир катар варианттарды караштырууда.

Азов деңизинин суулары Украина менен Орусиянын эки тараптуу макулдашуусунун предмети экенин эске салган Волкер “биз Крымдын айланасындагы аймактык суулар Орусияныкы дегенге макул эмеспиз. Алар Украинаныкы. Андыктан биз Керч кысыгы толугу менен Орусияныкы дегенге макул эмеспиз. Биз бул орток суверенитет деп эсептейбиз”, - деди.

Ал ошондой эле АКШнын Европадагы өнөктөштөрү Орусиянын Крымдан же Азов деңизинен келген кемелери Европадагы портторго киришине тыюу салышы мүмкүн экенин эскертти.

Волкердин айтымында, жакында Германиянын бийликтеги Христиан-демократиялык бирикмесинин баш катчысы, канцлер Ангела Меркелдин ордун басары күтүлгөн Аннегрет Крамп-Карренбауэр ушундай сунуш киргизген. Волкер кошумчалагандай, Орусияга кысым көргөзүү үчүн мындай чара көрүлүшүн АКШ да каалайт.

25-ноябрда Кара жана Азов деңиздери кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия”, Орусия “чагым” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган.

АКШнын Украина боюнча чабарманы Курт Волкер Орусиядан алардын жаңы жылга чейин бошотулушун талап кылды. (UE)

XS
SM
MD
LG