Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жөлөкпул тууралуу Интернетте тараган маалыматтарды четке какты.
Мекеме коомчулукту бул маалыматтарга ишенбөөгө жана аларды башкаларга таратпоого чакырды.
Акыркы күндөрү «WhatsApp» аркылуу "министрлик 1991-2018-жылдардын аралыгында иштегендерге 70 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул берип жатат" деген кабар тараган.