Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Ат майданынын жанында жашаган 60тан ашык үй-бүлө бийликке кайрылды


"Ак-Кула" ат майданы.
"Ак-Кула" ат майданы.

Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданынын айланасында жашаган 60тан ашык үй-бүлө бийликке кайрылды. Алар үйлөрүн тарттырып жиберүүдөн кооптонуп, бийликтен бул маселенин чечилишине көмөктөшүүнү өтүнүүдө.

Термечиков көчөсүндөгү талаш жаратып жаткан үйлөр салынган жер "Ак-Кула" ат майданына карайт. Ал жерде төрт кабаттуу жатакана жана 20дан ашык жер үй жайгашкан. Анын ээлери колдорунда "кызыл китептери" бар экенин билдирип жатышат. Бийликке кайрылгандардын бири Касиет Абдраева кезинде бул жерлер үчүн мэрия тиешелүү токтом чыгарып, Мамлекеттик каттоо кызматында бардык документтер катталып, "кызыл китеп" берилгенин, көп жылдан бери колдон колго сатылып келгенин маалымдады. Абдраева үйдү мыйзамдуу сатып алганы менен азыр Ленин райондук прокуратурасы аны мамлекетке кайтаруу маселесин көтөрүп чыкканын, бул аракеттен карапайым жашоочулар жабыркап, үйсүз калуу алдында калганын айтты:

- Мен жашаган жатакана "Ак-Кула" ат майданынын аймагында. Бул үйдү 15 жыл мурун сатып алгам. Азыр Ленин райондук прокуратурасы менин үйүм жайгашкан жатакана "ат майданына тиешелүү, мамлекетке кайтышы керек" деп жатат. Биз бул жерлерди басып алган жокпуз. Сатып алганбыз. Мен бул үйдү алганда баары мыйзамдуу болгон. Жада калса үйдүн "кызыл китеби", документтери бар. Бирок мунун баарын прокуратура жокко чыгарып, жерди мамлекетке кайтаруу аракетин кылып жатпайбы.Үйүмдү тартып алса мен кайда барам?

Ат майданга жакын жашагандар 5-декабрда Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акция өткөрүшкөн. Прокуратура акция катышуучуларынын талабы тууралуу комментарий бере элек.

"Ак-Кулага" караштуу жерлер 1996-2005-жылдарда менчикке сатылып кеткени белгилүү. Буга чейин Ленин райондук прокуратурасы "жер мыйзамсыз сатылган" деген негизде аны мамлекетке кайтаруу үчүн сотко кайрылган. Райондук жана шаардык сот прокуратуранын доосун канааттандырган.

Былтыр ипподром боюнча менчиктештирүүнүн жыйынтыгы мыйзамсыз деп табылып, сот тарабынан жокко чыгарылган.

Бирок ат майданынын карамагынан чыгарылып, жеке тараптарга сатылып кеткен жер тилкелерин жана майда курулуштарды мамлекетке кайтаруу боюнча соттук териштирүүлөр аягына чыга элек. (GT/NT)

XS
SM
MD
LG