Бишкекте "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы уюштурган басма сөз жыйынында чуу чыкты.
Кыймылдын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу керек экендигин айтты. Бирок залда отурган айрым адамдар КСДПнын өкүлдөрү экенин айтып, Абдрахмановдун өзүн айыптап чыгышты.
Ортодо кайым айтышуу болуп, алардын кээ бирлерин күзөтчүлөр залдан түртүп чыгарып жиберишти.
“Атамбаевсиз КСДП” кыймылы жер-жерлерде жыйындарды өткөрүп жүрөт. 28-ноябрда да кыймылдын жыйынында чуу чыккан. (RK)
Пикирлерди көрүңүз (45)
дагы пикирлерди жүктөө