Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:00

Кримчөйрөнүн өкүлүн актаган сот иштен алынды


Жогорку соттун имараты.
Жогорку соттун имараты.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Дөөлөтбек Турдукожоев жергиликтүү соттун судьясынын кызматынан четтетилди. Ал Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын сунушунун, Башкы прокуратуранын аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга берген макулдугунун негизинде иштен алынганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул жылдын башында Кыргызстанда криминалдык чөйрөдө "Алтуха" деген каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимов эркиндикке чыккан учурда судья Дөөлөтбек Турдукожоевдин аты аталган.

Алтынбек Ибраимов шериги Тынчтыкбек Орозалиев экөө 2015-жылы "адамды мыйзамсыз эркинен ажыраткан", "опузалап акча талап кылган" деген айып менен камакка алынган. Ишти былтыр Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту карап, судья Дөөлөтбек Турдукожоев "опузалап акча талап кылганы далилденген жок" деген негизде аларды актаган. Ошол эле маалда "баңгизат сактаган" деген айып боюнча төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен, бирок "кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти" деп экөөнү тең абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG