Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

"Кыргызмунайгазда" 130 миң сомдук уурулук аныкталды


"Кыргызмунайгаз" ишканасынын имараты.
"Кыргызмунайгаз" ишканасынын имараты.

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ишканасында экинчи ирет мунайды жашыруу фактысы катталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ишкананын юристи Эдил Чаканов билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн айдагы текшерүү учурунда Кочкор-Атадан Жалал-Абад шаарына түтүк менен мунай жеткирген Кайырма насостук станциясында бир эле күндө 130 миң сомдук жашырылганы катталган. Төрт кызматкер жумушунан четтетилип, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Өткөн айда да 300 тонна мунай уурдоо фактысына ылайык милиция кылмыш ишин козгогон.

Кочкор-Атадан Жалал-Абадга чейин түтүктөр аркылуу жеткирилүүчү мунайды орто жолдон белгисиз бирөөлөр түтүктөрдү тешип, агызып алып жатканы аныкталган. Мекеменин коопсуздук кызматы “уурулукка милиция аралашкан” деген маалымат берген болчу. Учурда ал иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

2500 адам иштеген “Кыргызмунайгаздын” 85% акциясы Мамлекеттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү. Быйыл он айда 90 миң тоннадан ашык мунай өндүрүп, планды ашыгы менен аткарууга жетишти. (RsK)

XS
SM
MD
LG