Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Йылдырым баштаган түрк делегациясы “Ата-Бейитке” барды


Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Биналы Йылдырым баштаган парламенттик делегация “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды. 7-декабрь, 2018-жыл.
Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Биналы Йылдырым баштаган парламенттик делегация “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды. 7-декабрь, 2018-жыл.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Биналы Йылдырым баштаган парламенттик делегация бүгүн, 7-декабрда Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды. Анда делегация мүчөлөрү 1916-жылы "Үркүндө" каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшту. Андан тышкары маркумдардын арбагына багышталып куран окулду. Иш-чарага төраганын орун басары Мирлан Бакиров баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты.

Бинали Йылдырым баштаган парламенттик делегация Кыргызстанга расмий иш сапары менен 6-декабрда келген. Сапардын алкагында төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңешинин депутаттары менен эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG