Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгы белгиленип жатат


Салтанат Улуттук филармониянын чоң залында өтүүдө.
Салтанат Улуттук филармониянын чоң залында өтүүдө.

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгы ушу тапта Улуттук филармонияда белгиленип жатат. Мааракени Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын эмгек жамааты уюштурууда. Салтанатта кыргыз телевидениесинин тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, өнөрпоздордүн ыр, күү, бийлери менен коштолду.

Мындан 60 жыл мурда, 8-декабрда обого кыргыз тилиндеги алгачкы телеберүү чыккан. Бул күн Кыргыз телерадиоберүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. Кыргыз телеберүүсүнүн күнү 1995-жылы 23-декабрда чыккан өкмөттүн токтому менен бекитилген.

КТРКнын курамында учурда алты телеканал: "КТРК", "КТРК Музыка", "Маданият-Тарых-Тил", "Баластан",“КТРК Спорт” жана "Ала-Тоо 24" обого чыгууда.

Ошондой эле КТРКнын "Кыргыз радио бирикмесинде" беш радио: "Биринчи радио", "Кыргыз радиосу", "Миң кыял" жана "Достук" радиолору угармандарына уктурууларын тартуулап келе жатышат.

Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы иштей баштаган, 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Элдик Комиссарлар Советинин алдында радиокомитет уюштурулган. Бул дата Кыргыз телерадиосунун түптөлгөн күнү болуп эсептелет.

Филармонияда өтүп жаткан жыйынга президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев мамлекет башчысынын атынан 500 миң сомдук сертификат тапшырды. (RK)

XS
SM
MD
LG