Көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык деңгээлде талкууланат. Бул тууралуу 7-декабрда Бишкекте өткөн Эл аралык көкбөрү федерациясынын 20 жылдыгын утурлай уюштурулган конгрессте маалым болду. Ага уюмга мүчө болгон Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан сырткары Монголиянын, Ооганстандын, Түркиянын, АКШнын жана Орусиянын өкүлдөрү катышып жатат. Эл аралык көкбөрү федерациясынын вице-президенти Набиджан Жороев талкууда бирдиктүү эрежеге келүү маселеси көтөрүлгөнүн билдирди:
- Акыркы жылдары абдан көп суроолор жаралды. Биз алардын баарын карап чыгып, жогорку деңгээлде чечүүгө аракет жасадык. Чече албаган маселелерди кийинки конгресске калтырдык. Оюндун эрежеси боюнча да көйгөйлүү маселелер бар. Мындан ары Азия же дүйнө чемпионаты болобу, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештердин баары Эл аралык көкбөрү федерациясынын уруксаты жана анын эрежелери менен гана өтөт. Конгресстин жүрүшүндө баарыбыз бир добуштан муну колдодук. Ал эми оюндун эрежелерин январда өтө турган кезектеги отурумда талкуулайбыз.
Жороев Эл аралык көкбөрү федерациясына Монголия да мүчө болуп киргенин жана аталган уюмдун баш катчысы болуп Жыргалбек Саматов дайындалганын кошумчалады.
Быйыл августта Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкбөрүнүн эрежесине байланыштуу пикир келишпестик жаралган.
Оюндун эрежелерин тактап, бир чечимге келиш үчүн Эл аралык көкбөрү федерациясынын мүчөлөрү 2019-жылдын январь айында Ташкентте кайрадан отурумга чогулушмакчы. (GT)