8-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10,
Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 7...12,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 4...9,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12,
Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүз -2...-7 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 7…9 градус болот.