Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Якутск: абактагылар ооздорун тигип алышты


Иллюстрациялык сүрөт. 23-ноябрь, 2015-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. 23-ноябрь, 2015-жыл.

Орусиянын Якутск шаарындагы №1 түрмөсүндө камактагы жети киши абактагы шарттарга нааразылык билдирип, ооздорун тигип алды. Бул тууралуу 7-декабрда аймактагы Коомдук байкоочу комиссиянын төрайымы Марина Семенова билдирди.

Анын айтымында, абактагылардын ачкачылык кармай башташына жабык жайдагы начар шарттар жана жылуу кийимдеринин жоктугу себеп болгон. Ушул тапта Якутск шаарында 34 градус суук. Камактагылар ошондой эле түрмө кызматкерлеринин ур-токмогу тууралуу арызданышкан.

Семенова камактагылардын ачкачылык кармап жаткан тууралуу маалымат Якутиянын прокуратурасына жана башка тиешелүү органдардын баарына жиберилгенин кабарлады.

Орус абак жайларында жаткандар буга чейин да бир нече жолу кармоо шарттарынын начарлыгына, кызматкерлер тарабынан жасалган кыйноого байланыштуу арызданып келишкен. Быйыл жайында «Новая газета» Жаза өтөө федералдык кызматынын ондон ашуун кызматкери Ярослав абагында жаткан Евгений Макаровду аёосуз сабап жатканы тартылган видео тасманы жарыялаган. Мыйзамсыз иш коомдук резонанс жаратып, колониянын 12 кызматкери кармалган.

XS
SM
MD
LG