Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:50

"Рубикон" жарнамалык фирмасы Александр Кимге кайтарылды


"Вечерний Бишкек" гезити.

Бишкек шаардык соту 7-декабрда “Вечерний Бишкек” басма үйү жана “Рубикон” рекламалык фирмасы боюнча Александр Кимдин арызын карап, Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.

Соттук коллегияга судьялар Ирина Скрипкина, Аида Манжиева жана Дамир Молоев кирди. Адвокат Сергей Воронцовдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, “Рубикон” соттун чечими менен Александр Кимге кайтарылды.

Сентябрь башында "Вечерний Бишкек" басма үйү жана "Рубикон" рекламалык фирмасына байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура ырастаган. Мекеме 4-сентябрда кылмыш иши рейдерлик эмес, факты боюнча ачылганын айткан. Башкы көзөмөл органы иш аталган басма үйүнүн мурдагы ээси Александр Кимдин арызынын негизинде козголгонун билдирген.

Александр Кимдин арызына ылайык, алгачкы соттук отурум 14-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралган. Александр Кимге мурда Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга “Вечерний Бишкектин” азыркы ээси Александр Рябушкиндин арызы негиз болгон.

Быйыл февралда райондук сот Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелет. Ошондой эле сот аны "Рубикон" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Чечимди шаардык сот да күчүндө калтырган.

Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы өз үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, “Вечерний Бишкек” толугу менен Александр Рябушкинге өткөн.

"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кожоюну Александр Рябушкин ноябрдын соңунда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акционердин арызынын негизинде "Вечерний Бишкек" басма үйү текшерилип, жетекчилиги мыйзам бузганы аныкталган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG