Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:41

Нойерт АКШнын БУУдагы элчисинин кызматына көрсөтүлдү


Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Хизер Нойерт.

АКШнын президенти Дональд Трамп Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Хизер Нойертти Кошмо Штаттардын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу элчисинин кызматына көрсөттү. Трамп бул тууралуу журналисттерге 7-декабрда Ак үйдүн жанында, Канзаска барарда билдирди.

6-декабрда маалым болгондой, ABC жана “Fox News” телеканалдарынын мурдагы алып баруучусу жана кабарчысы Нойерт Никки Хейлинин ордуна барат. Хейли быйыл октябрда БУУдагы кызматынан жыл соңунда кетерин жарыялаган.

Трамп буга чейин Нойерттин дарегине мактоо сөздөрүн айтып келген.

- Ал мыкты адам. Ал биз менен көп жылдан бери чогуу келатат. Көптөн бери бизди колдоп келет, - деген президент.

48 жаштагы Нойерт Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы болуп 2017-жылдын апрелинде дайындалган.

Байкоочулар Нойерттин саясатта тажрыйбасы жок болгонун эске алуу менен анын талапкерлиги БУУдагы дипломатиялык пост үчүн адаттан тыш тандоо экенин белгилеп жатышат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG