Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Трамп мурдагы мамкатчы Тиллерсонду ачуу сындады


АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсонду сындады. Президент "Твиттердеги" баракчасына аны “аңкоо жана ашынган жалкоо” деп атады. Трамптын айтымында, Тиллерсондун америкалык тышкы саясат мекемесин башкаруу үчүн жөндөмү жок болчу.

Ошол эле учурда Дональд Трамп учурдагы мамлекеттик катчы Майк Помпеонун иши менен сыймыктанарын белгилеген.

7-декабрда Рекс Тиллерсон CBS каналындагы маегинде Трамп менен мамилеси бир катар баалуулуктар боюнча эки башка көз карашта болгону үчүн начарлаганын айтып берген. Тиллерсондун айтканына караганда, ал Трампка бир топ талаптары мыйзамсыз экенин бир нече жолу эскерткен. Бирок кайсы талаптары жөнүндө ачык айткан жок.

Дональд Трамп Рекс Тиллерсонду мамлекеттик катчы кызматынан ушул жылдын март айында бошоткон. Ал АКШнын тышкы саясат мекемесин бир жылга жакын башкарды. Айрым маалымат каражаттары Трамп менен Тиллерсондун мамилеси Түндүк Корея жана Иран менен өзөктүк келишимдер боюнча маселеден улам начарлаганын жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG