Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:58

Апелляциялык сот Армениянын экс-президенти Кочарянды камакка алууну буйруду


Роберт Кочарян
Роберт Кочарян

Армениянын Жогорку Апелляциялык соту өлкөнүн мурдагы президенти Роберт Кочарянды камакка алуу боюнча чечимди күчүндө калтырды.

“Азаттыктын” армян кызматынын кабарлашынча, мындай чечимди сот жума күнү кечинде кабыл алды. Эми Армениянын Конституциясындагы экс-президенттин кол тийбестик макамына карабастан Кочарян камакка алынышы керек.

Роберт Кочерян 28-июлда камакка алынган. 13-августта өлкөнүн Апелляциялык соту алгачкы баскычтагы соттун чечимин четке кагып, экс-президенттик боштондукка чыгарган.

Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган Кочерян 2008-жылы 1-марттагы тогуз адамдын каза болуп, бир нече адам жараат демонстрацияларды күч менен тараткан, “Конституциялык түзүмгө шек келтирген” деп айыпталууда.

Кочарян бул айыптарды саясий куугунтук деп атап келет.

2008-жылдын февралында президенттик шайлоодо Серж Саргсян жеңишке жеткен соң жапырт нааразылык акциялары башталган. Президент өзгөчө кырдаал режимин киргизип, демонстрацияны таратууга армия да тартылган. 1-марттын таңында аянтта түнөгөн митингчилерге чабуул коюлат. Кагылыш учурунда бир жоокер жана тогуз демонстрант мерт болуп, жүздөгөн адам жабыркаган. Бул “1-март иши” деген аталыш менен эл оозуна алынып кеткен.

Быйыл апрелдеги элдик толкундоолордун натыйжасында алмашылган, Никол Пашинян башында турган бийлик окуяны кайра иликтөөгө дароо киришкен.

XS
SM
MD
LG