Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

“Вечерний Бишкекти” Александр Кимге кайтаруу боюнча арыз берилет


“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн акцияларын Александр Рябушкинге өткөрүп берген сот чечимин жокко чыгаруу боюнча арыз берилет.

Бул тууралуу “Вечерний Бишкектин” мурдагы кожоюну Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцов билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калдыбаевдин 2015-жылкы чечими мыйзамсыз болгон жана ал жокко чыгарылышы керек.

7-декабрда Бишкек шаардык соту “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн курамына кирген “Рубикон” жарнамалык фирмасын Александр Кимге кайтарып берүү боюнча чечим чыгарган. Ага ылайык, буга чейинки фирманын ээси катары Александр Рябушкинди табуу боюнча сот чечимдери жокко чыгарылган.

Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы өз үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, алгач “Рубикон” жарнамалык фирмасы, андан соң “Вечерний Бишкек” басма үйү толугу менен Александр Рябушкинге өткөн.

Быйыл Александр Ким Рябушкиндин үстүнөн арыз жазып, эки кылмыш иши козголду. Жакында бул иштердин алкагында Рябушкин камакка алынган эле.

“Вечерний Бишкек" өлкөдөгү эң ири маалыматтык-жарнамалык басылма. Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул басылмада мүлктүк талаштардын аягы тыйылбай, бийлик алмашкан сайын "Вечерний Бишкектин" кожоюну да өзгөрүп келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG