Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Президент телерадиокызматкерлерин куттуктады


КТРК
КТРК

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Анда Жээнбеков “телерадио кызматкерлери мамлекеттик бийлик органдарынын ишин күн сайын электен өткөрүп, өлкөгө, элине жаңыча дем берип жатат” деп белгилеген.

"Жаран жана анын маалыматка болгон талабына шайкеш келген, маданий жана руханий муктаждыктарын камсыз кыла алган теле көрсөтүүнү түзүү үчүн дагы көп аракет жумшообуз керек”, - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстанда 8-декабрь теле радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп эсептелет. 1958-жылы ушул күнү Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыккан. Бул күн КТКРнын түзүлгөн күнү катары эсептелип, быйыл анын 60 жылдыгы белгиленди. (BkA)

Кыргыз телеси 60 жашта
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:56 0:00

XS
SM
MD
LG